4-марттан 5-мартка караган түнү сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карады. Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов саясатчыны 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына кармоо жөнүндө чечим чыгарды.
Осмоналиев 2-марттагы митингден кийин кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген. Экс-депутатка Кылмыш кодексинин 39-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») негизинде доо коюлду.
Эске салсак, 2-мартта Бишкекте митинг өткөн. Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.
Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:
- Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
- Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
- Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.
Саат 18:00дөр чамасында митингчилер ак үйдү көздө бет алышып, бирок милиция кызматкерлери суу бүркүгүч, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жарандарды борбор аянттан сүрүп чыгышкан.