Көпчүлүк коалиция Сотторду тандоо боюнча кеңешке жаңы мүчөлөрдү көрсөттү

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 14:01
0 ой-пикир

Парламенттеги көпчүлүк коалициянын депутаттары бүгүн, 5-мартта жыйынга чогулушту.

Маалыматка ылайык, депутаттар Сотторду тандоо боюнча кеңешке мүчө болчу талапкерлерди карашты. Мүчөлүккө Нурия Сатыбаева, Алтынбек Туманов, Марлен Тентемишов жана Марсбек Жакыповдор ат салышты.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү Марлен Тентемишов жана Алтынбек Тумановдун талапкерлигин Сотторду тандоо боюнча кеңешке мүчө катары көрсөтүштү.

Эске сала кетсек, парламенттеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт» жана «Бир-Бол» фракциялары кирет.

Мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо боюнча кеңешке талапкерлер Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, бекитилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.