Парламенттеги көпчүлүк коалициянын депутаттары бүгүн, 5-мартта жыйынга чогулушту.
Маалыматка ылайык, депутаттар Сотторду тандоо боюнча кеңешке мүчө болчу талапкерлерди карашты. Мүчөлүккө Нурия Сатыбаева, Алтынбек Туманов, Марлен Тентемишов жана Марсбек Жакыповдор ат салышты.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрү Марлен Тентемишов жана Алтынбек Тумановдун талапкерлигин Сотторду тандоо боюнча кеңешке мүчө катары көрсөтүштү.
Эске сала кетсек, парламенттеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт» жана «Бир-Бол» фракциялары кирет.
Мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо боюнча кеңешке талапкерлер Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, бекитилет.