Бүгүн, 4-мартта саат 07.30дар чамасында Бишкектеги Лев Толстой жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Ниссан» автоунаасын башкарып келе жаткан А.М. аттуу айдоочу жолдон өтүп бараткан 1943-жылкы кемпирди сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү аял алган жарааттан улам окуя болгон жерде көз жумган.
Окуянын видеосу Instagram социалдык тармагындагы oppa.kg аккаунтуна жарыяланган.