Атамбаевдин тууганынын үйүндө тинтүү жүрдү. Сүрөт

Окуялар тизмеги 04 Мар 2020 17:46
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаардык жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин тууганы Акылбек Асаналиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу Асаналиев массалык маалымат каражаттарына өзү билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 08:20 чамасында Арашан айылындагы Акылбек Асаналиевдин үйүнө 5 милиция кызматкери келген. Алар соттун тинтүү жүргүзүүгө берилген ордерин жана токтомун көрсөтүшкөн.«Милиция кызматкерлери үйдүн баарын аңтарып чыгышты. Бирок ошол эле маалда эмне издеп жатышкандарын айтышкан жок», — дейт Асаналиев.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, тинтүү иштери 2019-жылдын декабрь айында Беш-Күңгөй айылындагы май куюучу бекеттеги кол салуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу.

Бирок Акылбек Асаналиев бул жөн гана шылтоо деп эсептейт. Анын айтымында, тинтүү 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясына байланыштуу.

Мындан сырткары, Акылбек Асаналиев өткөн аптанын соңунда аны Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө профилактикалык сүйлөшүүлөргө чакырышканын кошумчалады. Милиция кызматкерлери андан 2-мартта боло турчу Садыр Жапаровду колдоо митингине катышпоого сөз берген түшүнүк кат жазууну талап кылышкан.

Белгилей кетсек, Акылбек Асаналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бир тууган карындашынын уулу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.