Согуш ардагерлерине 75 миң сом өлчөмүндөгү жөлөкпул төлөнөт

Окуялар тизмеги 04 Мар 2020 13:55
0 ой-пикир

Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда бүткүл элдик майрам катары эң жогорку деңгээлде белгиленерин бир нече жолу билдирген. Советтик жоокердин эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгилеген.

2020-жылдын 4-мартына карата маалыматка ылайык, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт.

Алардын ичинен:

65 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

153 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

15 — Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар;

18 — 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоодо калган Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчоодогу Ленинград тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогоруда айтылган ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берилип келет. Жеңилдиктердин ордуна берилген акчалай компенсациянын көлөмү айына 7000 (жети миң) сом.

Ошондой эле 2010-жылдын 1-январынан тартып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10 000 (он миң) сомду түзөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана Президенттин стипендиясынан сырткары ай сайын пенсия алышат.

Белгилей кетсек, учурда согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калган. Алардын саны жылдан-жылга азайып жатат. Эгерде 2019-жылы 9-майга карата 356 ардагер болсо, азыр алардын саны 251и түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.