Саламаттык сактоо министрлиги: Митингде 22 адам жабыркады

Окуялар тизмеги 03 Мар 2020 12:51
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден кийин 22 адам жабыркады. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркаган 22 адам медициналык жардам сурап, ооруканаларга кайрылган. Мунун ичинен 19у күч кызматкерлери, үчөө жарандар.

Мекемеден билдиришкендей, жабыркагандардын 21и биринчи жардамды алгандан кийин үйдө дарыланууга чыгарылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Мээси чайкалып, моюн омурткасынан жараат алган бир милиция кызматкери Улуттук госпиталдын нейротравмалык бөлүмүнө жаткырылды.

Эске салсак, күн мурун, 2-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында саат 11:00дөн бери экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Саат 18:00дөр чамасында митингчилер ак үйдү көздө бет алышып, бирок милиция кызматкерлери суу бүркүгүч, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жарандарды борбор аянттан сүрүп чыгышкан. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.