Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы сот жараяны өтөт. Бул иш боюнча айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, сот жараянына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыпталуучу катары катышат:
«Алмаз Шаршенович сотко катышып, өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, адам укугун бузулуусуна, баш-аламандыктарга каршы чыгып, өз позициясын билдирип чыккан адамдардын жанында болом деп билдирген. Бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент катышуусу күтүлүүдө».
Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.
Жолдубаева сотту жабык өткөрүү аракети күтүлүп жатканын кошумчалап, жараянды ачык өткөрүүнү соттон өтүнүшөрүн кошумчалады.