Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду колдоо максатында өткөн митингди уюштуруучулардын бири болгон Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыс” партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу саясий уюмдун лидери Феликс Кулов жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.
Маалыматка караганда, Каныбек Осмоналиев каршылык акциясына катышып жаткандыгы тууралуу “Ар-Намыс” партиясынын жетекчилигине кабар берген эмес.
«Мындай иштерди акылдашып жасоо керек. Каныбек Осмоналиев партиянын жетекчилигине кайрылса, биз ага митинг өткөрүүгө тыюу деле салмак эмеспиз, бирок, Жапаровдун макулдугу менен деген шарт коймокпуз. Осмоналиев өзү партиядан чыгып кетпесе, партия аны чыгарат. Башка жол жок. Анткени, анын аракеттерин айынан биздин партия митингдин уюштуруучусу атка конду, а чынында андай эмес да», — дейт Феликс Кулов.
Партия Каныбек Осмоналиевдин тагдырын жакын арада чекмекчи.
Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев бийликти күч менен басып алууга шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Сагызган, сактыгынан өлбөй, суктугунан өлүптүр дегендей, жыгач генерал, партиясы бар экенин эми эстептирби ?