Бишкекте кайрадан митинг. Сүрөт

Окуялар тизмеги 03 Мар 2020 13:48
0 ой-пикир

Бүгүн, 3-мартта борбор калаадагы “Караван” соода борборунун сатуучулары нааразылык акциясына чыгышты. Митингдин катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Алар жумуш орундарын сактап, борборду сатпоону суранышты.

“Жакында биздин соода кылып жаткан орундарыбыз сатыкка коюлат. Эртең кандай оокат кыларыбызды билбейбиз. Көбүнүн насыясы бар, революция жана митингден улам биз жабыркап жатабыз”, — дейт акциянын катышуучусу.

Ижарачылардын бири аталган соода борбору мамлекетке бюджетке 74 миллион сом ижара төлөгөнүн айтып, мамлекеттик мүлк фонду эмне үчүн соода борборун чыгышага иштейт деп туруп сатыкка коюп жатканын түшүнбөгөнүн билдирди.

Нааразычылыкка чыккандар президенттен адилеттүү чечим чыгарууну суранышат.

Эске салсак, күн мурун, 2-мартта Бишкекте митинг өткөн. Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Саат 18:00дөр чамасында митингчилер ак үйдү көздө бет алышып, бирок милиция кызматкерлери суу бүркүгүч, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жарандарды борбор аянттан сүрүп чыгышкан. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.