Ала-Тоо аянтындагы митинг: 166 жаран милицияга жеткирилди

Окуялар тизмеги 03 Мар 2020 09:38
0 ой-пикир

Коомдук тартипти бузгандар боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 2-мартта Бишкекте өткөн митингден кийин массалык башаламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген.

«Алардын 162си менен тактоо жана аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң коё берилди. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык-кодексинин 264-беренесинин («массалык башаламандыктар») негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Мындан тышкары, массалык башаламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.