Тарых сабактары. Саясатчыларды кантип тандоо зарыл?

Окуялар тизмеги, Статьялар 02 Мар 2020 17:12
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиль риторика генийи болгон. Чечендик анын эң башкы куралы экендиги талашсыз. Ал экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жандуу сөздөрү менен элди бириктирип, Улуу Британиянын духун көтөрүп турган. Алтымыш жылдык карьерасында анын парламентте сүйлөгөн сөздөрү сегиз калың том болуп, болжол менен төрт миллион сөздөн турат. Башкача айтканда, Черчилль жумасына бир жолудан сүйлөп турчу.

Черчилль сүйлөй турган сөздөрүн өзү жазчу. Ар бир сөзүн кылдаттык менен ойлонуп жазып, күзгүнүн алдында ар бир сүйлөмдү жаттап, репетиция кылчу. Анын айтымында, бир мүнөттүк сөздүн үстүнөн айрым учурларда бир сааттан иштечү.

Коомдук саясатта сүйлөгөн сөздүн маңызы абдан маанилүү. Оратор сөзү менен эле коомду бириктирип, артынан ээрчите алат. “Джентелмендер клубу” аталган Анлгиянын парламентинде элге жана саясатка таасир берген көптөгөн ораторлор болгон. Иш билгилик сапаты жана жогорку интеллекти боюнча ар бир депутат Өкмөттү башкара алчудай абалда болчу. Шайлоочулар акчасын эмес, жогорку сапаттарына: эрдикти, кайраттуулукту, билимди, интеллектти, моралдык-адеп-ахлакты баалачу. Ошондуктан Англия дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктап, деңиздердин башкаруучусу боло алды.

Кыргыз жарандары элдин жана мамлекеттин көйгөйлөрүн ийгиликтүү чече алган күчтүү, жоопкерчиликтүү саясатчыларды чыгарбай келет деп шайлоо системасына нааразы.   Бирок бул механизм иштеши үчүн шайлоочулар “өздөрүнүкүн” шайлабай, мыктыларды тандашы керек. Черчиллдин уулу Рандольф атасынын шайлоо округу боюнча парламентке талапкерлигин койгонго аракет кылган, бирок акылдуу англичандар аны депутат кылып шайлабай: “Сен Черчиллсиң, бирок Уинстон эмес” дешкен. Аларга Уинстон Черчиллдин көлөкөсү эмес, өзү керек эле. Биздин шайлоочулар күчтүү жана мыктыларды тандаганды үйрөнбөсө өнүккөн өлкө боло албайбыз. Бул шайлоо алдындагы тарыхтан алчу маанилүү сабак. Себеби азыр баары ийгиликтүү мамлекет жана коомду кура алчу мыкты саясатчыларды эмес, акча издөө менен алек болушууда.

Эгерде кедейчиликте жашагыңар келбесе, анда келечегиңерди, балдарыңардын келечегин сатпагыла.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.