Почта тармагында коррупциялык схема түзгөн эки чет элдик жаран кармалды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 12:40
0 ой-пикир

Туруктуу коррупциялык схема түзгөн эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын учурунда Молдова Республикасынын жарандары Ш.О. жана Б.Г. аттуу эки жараны кармалды.

«Алар 2013-жылдан бери Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлери менен макулдашып алып, соода уюмунун жеке операторунун атынан почта кызматын жамынып Тажикстандан жана Казакстандан ташылып келинген тамеки заттарын АКШ, Канада жана Батыш Европа мамлекеттерине тиешелүү салыктарды төлөбөстөн жөнөтүү максатында туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, аталган чет элдик жарандар КР почта операторунун статусун колдонуп, Кытайдан түздөн-түз башка мамлекеттерге товарларды мыйзамсыз жөнөтүү каналын түзүшкөн. Бул Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк почта биримдигинин эрежелерин бузуу болуп саналат.

Аталган ишкананын иш бөлмөлөрүн жана кампасын тинтүү учурунда жалпы суммасы 6 млн сомду түзгөн КР акциздик маркасы жок тамеки заттары жана ошондой эле 250 миң АКШ доллары, 620 миң сом өлчөмүндө накталай акчалар табылган.

«Ошондой эле банктык эсептерде 400 миң АКШ долларынан ашык каражат аныкталды. Аны менен бирге 2018-жылдагы бир жылдык киреше 240 млн сомго барабар болгон», — деп кошумчалашты УКМК кызматынан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар УКМКнын Тергөө камаак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.