Милиция суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кулак тундуруучу гранаталар менен митингди кууп таратты. Сүрөт

Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 19:56
0 ой-пикир

Милиция кызматкерлери Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдоп Бишкектин борбордук аянтына митингге чыккандарды күч колдонуу менен таратты. Атайын даярдыктагы күчтөр, милиция кызматкерлери суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытуу менен чогулган элди кууп салды.

Маалыматка ылайык, митингчилер тартипти бузуп, унаалар өткөн жолду жабуу аракеттерин көрүшкөн. Агрессивдүү маанайдагы адамдар Ак үй тарапка көздөй жөнөгөндө милиция алардын алдын тороп чыккан. Ошол учурда ортодо кыска кагылыш болуп өткөн.

Митингчилер милицияга каршы ыргыткан таштар көчө боюна токтотулган машинелерге тийип, терезелерин талкаланганы айтылууда. Алдын ала маалымат боюнча бир милиция кызматкери бутунан жаракат алган.

Учурда Бишкектин борбордук аймагы, Ала-Тоо аянты тынч. Милиция Бишкектин тургундарынын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте корголо турганын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.