Жаздын жыты: Бишкектин көчөлөрү жуула баштады

Окуялар тизмеги 01 Мар 2020 21:36
0 ой-пикир

«Тазалык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жууп-тазалай баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда ишканадагы атайын техниканын кышкы жабдыктары алмаштырылды.

«Бүгүн Манас, Жибек Жолу, Чүй, Дэн Сяопин проспектилери жана Фучик, Махатма Ганди, Байтик баатыр, Абдрахманов, Лев Толстой, Гагарин, Фрунзе, Шопоков, Ибраимов, Юнусалиев, Ахунбаев, Шабдан баатыр көчөлөрү жуулду», — деп жазылат маалыматта.

Эгер шаардыктардын кандайдыр бир маселеси жаралса, алар мэриянын WhatsApp каналына жаза алышат. Каналдын номери — 0554 182 185. Мындан сырткары, 1840 жана 1850 номерлери да күнү-түнү иштөөдө.

Жарандар район акимдеринин орун басарларына да чалып байланышка чыга алат.

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — 0772 192 074;
  • Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи Май району) — 0555 66-60-96;
  • Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) — 0551 571 823.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.