Курсан Асанов: Утуш мен тарапта, 2:1 эсебинде. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 29 Фев 2020 20:42
0 ой-пикир

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишине байланыштуу соттук териштирүү башталды. Соттук отурум Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда өтүүдө.

Курсан Асанов жалпыга маалымдоо каражаттарына каралып жаткан иш боюнча боюнча комментарий берди.

Эске сала кетсек, ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов боюнча тергөө иши 4-февралда аяктаганы кабарланган. Анда генерал «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу», «Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу», «Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк», «Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү» беренелери  боюнча айыпталганы белгиленген.

Анда Башкы прокуратура Асанов ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухамедали Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөн, ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналып жатканын кабарлаган.

Мындан тышкары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда.

Курсан Асанов «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.