ВИДЕО: Россия — жакын, ишенимдүү шериктешибиз, стратегиялык өнөктөшүбүз,- Сооронбай Жээнбеков

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 17:04
0 ой-пикир

«Россия- биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-февралда Москва шаарында Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылышы аземинде.

Президент Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы биздин элдердин мындан да жакын болууга умтулуунун белгиси болуп саналаарын айтты. Кыргызстан Россия менен болгон жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылаарын өзгөчө белгиледи.

Россиянын президенти Владимир Путин эки өлкө биргеликте алгачкы ири долбоорду ишке ашырып жаткандыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Россия — биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүзПрезидент Сооронбай Жээнбеков: Россия наш близкий, надежный союзник и долгосрочный стратегический партнёр

Опубликовано Сооронбай Жээнбеков Четверг, 27 февраля 2020 г.

«Россия менен Кыргызстандын Эриш-аркак жылы чындыгында эле биздин өлкөлөр үчүн ири иш-чара болуп саналат. Россия менен Кыргызстанды өз нугу менен баардык багытта өнүгүп келе жаткан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле байланыштырып турат. Биз байма-бай президент Жээнбеков менен жолугуп турабыз, бүгүнкү сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде жана конструктивдүү планда өттү», — деди Путин.

Россия Кыргызстанга энергоресурстарды жеткирүүчүлөрдүн негизгиси болуп саналат, — деп билдирди Путин.

«Биздин окуу жайларда Кыргызстандын экономикасы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдап чыгаруу уланууда. Россия мындан ары да Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнү көздөйт. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Россиянын Эриш-алкак жылын мыкты деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз. Биздин өлкөлөр алгачкы ирет мындай өңүттөгү ири долбоорду ишке ашырып жатат», — деп белгилеп өттү Россиянын президенти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.