«Россия- биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-февралда Москва шаарында Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылышы аземинде.
Президент Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы биздин элдердин мындан да жакын болууга умтулуунун белгиси болуп саналаарын айтты. Кыргызстан Россия менен болгон жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылаарын өзгөчө белгиледи.
Россиянын президенти Владимир Путин эки өлкө биргеликте алгачкы ири долбоорду ишке ашырып жаткандыгын билдирди.
«Россия менен Кыргызстандын Эриш-аркак жылы чындыгында эле биздин өлкөлөр үчүн ири иш-чара болуп саналат. Россия менен Кыргызстанды өз нугу менен баардык багытта өнүгүп келе жаткан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле байланыштырып турат. Биз байма-бай президент Жээнбеков менен жолугуп турабыз, бүгүнкү сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде жана конструктивдүү планда өттү», — деди Путин.
Россия Кыргызстанга энергоресурстарды жеткирүүчүлөрдүн негизгиси болуп саналат, — деп билдирди Путин.
«Биздин окуу жайларда Кыргызстандын экономикасы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдап чыгаруу уланууда. Россия мындан ары да Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнү көздөйт. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Россиянын Эриш-алкак жылын мыкты деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз. Биздин өлкөлөр алгачкы ирет мындай өңүттөгү ири долбоорду ишке ашырып жатат», — деп белгилеп өттү Россиянын президенти.