Москвада КР менен РФнын эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышы өттү. Сүрөт

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 09:52
0 ой-пикир

Кыргызстан менен Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземине катышып жатышат.

Иш-чара Мамлекеттик Кремль сарайында өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерт өтмөкчү.

Эриш-аркак жылдын жүрүшүндө эки өлкөнүн ири маданий аянтчаларында Россия менен Кыргызстандын искусство адамдарынын катышуусунда концерттер, спектаклдер, көргөзмөлөр жана фестивалдар өткөрүлөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.