Коронавирус тараган өлкөлөрдө канча кыргыз жараны бар? – ТИМдин жообу

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 13:47
0 ой-пикир

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов коронавирус тараган өлкөлөрдө канча кыргыз жараны бар экенин айтып берди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдүн катарына Түштүк Корея, Япония, Иран, Кытай жана Италия өлкөлөрү киргизилген.

«Кыргызстандын чет жактагы консулдугунун маалыматында, Японияда 64, Италияда 352, Түштүк Кореяда 2 миң 348, Иранда 67 жана Кытайда 271 жаран бар. Бирок, чет жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттарыбыз да бар. Алар боюнча маалымат бере албайбыз», — дейт ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.