Кой-Таш окуясы: сот башталбай жатып кийинкиге жылдырылды

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 16:43
0 ой-пикир

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы отурумун Биринчи май райондук соту 3-мартка жылдырды. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Буга чейин сот отуруму 2-мартта башталаары кабарланган. Кийинки күнгө жылдыруу себебин Биринчи май райондук соту түшүндүрө элек.

Жолдубаева муну камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери 2-мартка мерчемдеген нааразылык акциясына байланыштырып, бийликтин чочулоосу катары сыпаттап жазды.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.