Дарактар адам сыяктуу эле баарын сезишет

Окуялар тизмеги, Статьялар 28 Фев 2020 19:34
0 ой-пикир

Элеонора ПРОЯЕВА – атайын Elgezit.kg үчүн.

Мен кара жыгач тереземди чертиклеген үндү жактырам. Ал жакка көңүлүмдү буруп караганда анын кызгылт-күрөң тарткан жандуу бутактарын көрөм. Бирок жазгы тереземдин ары жагында бззз, крррак, тррр… деген үндөрдүн чыгып жатканын эч эле жактыра бербейм. Бул үндөр бутактардын кыйылып жатканы, дарактар болсо эмне болуп жатканын түшүнө бербей кулап калышат.

Муну болсо расмий тилде дарактарды санитардык максатта бутап жатышканы менен түшүндүрүшөт.

Бул иштерден менин гана кыжырым келбейт. Жиним келген мен коңшум Мадинага жана Бишкектин “Жашылдандыруу” ишканасында иштеп, коңшу үйдүн короосундагы абрикосторду көңүл кош гана кыйып жаткан жигиттерге кайрылдым.

Бул иштерди жетектеп “согуштук тапшырманы” аткарууга жигиттерин жиберип жаткан жетекчиге дагы суроолор менен кайрылдым. Согуштук дегеним, дарактар менен болгон согуш жүрүүдө. Муну мен башкача атай албадым.

Электро-арааларын көтөргөн жигиттер жана алардын жаш “мастери” жай гана ишин уланта беришти, себеби алардын артында “күч” турганын сезишкендир, ал эми мен болсо дарактардай эле алсызмын, эч кандай укуктарыбыз жок.

Бирок мен алардын жасап жаткан ишине макул эмесмин, ошондуктан шаар бийлигине, эксперттерге суроолорду берип баштадым. Мен дарактарды такыр эле “жылаңачтап” салган “мастер” жана анын кызматкерлери менен макул эмесмин.

Мен телефон аркылуу байланышкан шаардын башкы агроному Диля Байбориева баардык иштер планга ылайык жүргүзүлүп жатканын, кызматкерлер өз ишин билишерин, жергиликтүү аймактык башкармалыктар менен кеңешип анан иш алып барыларын, дарактарды бутап туруу зарылдыгын, эгерде иш туура эмес жүрүп жаткан болсо текшерерин билдирди. Баса, эски дарактар кычкылтек бөлүп чыгарбай каларын, тескерисинче аны короторун билдирди. Демек, бул маалыматты “гуглдан” карап, жергиликтүү эксперттерден сурап тактап алуум кажет.

Макул. Андан соң Октябрь районунун агроному Урмат Жыргалбек уулу менен сүйлөштүм. Бир аз шашкалактаганы менен жакшы адамдай сезилди. Ал дагы баары жакшы экенин, эгерде кандайдыр бир катачылыктар болсо оңдошорун айтты.

Бишкектин “Жашылдандыруу” ишканасынын жетекчиси Эльнура Жолдошева болсо: “Сиздин кичи райондо бактарды санитардык бутоо канча жылдан бери жүргүзүлгөн эмес билесизби? 30 жылдан ашты, мен өзүм текшергем. Биз жергиликтүү аймактык башкармалык менен сүйлөшүп, 4-кичи райондон баштаганбыз, эми 3-кичи райондо улантуудабыз. Сиз туура эмес буталып жатат деген жерлердин сүрөттөрүн жөнөтүп койсоңуз, мен териштирейин” деди.

Кыскасы, шаар бийлигинин баары эле бир ооздон жакшы иш жүрүп жатканын айтышты.

Мен эксперттерге кайрылып көрүүнү чечтим.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун токой жана өсүмдүктөрдүн оорусу боюнча адиси Светлана Приходького байланыштым. Ал шаарда чоң бактар кыйылып жатканы өкүнүчтүү экенин билдирди. Бирок шаардын башкы агроному дал ошол бийик жана чоң бактарды кыйып, алардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу керектигин айтпады беле. Ал эми Светлана Леонидовна болсо карт дарактарга аяр мамиле жасоо зарылдыгын белгилеп, өз жерибизде өскон эле көчөттөрдү отургузуу зарылдыгын белгиледи. ММКларда жергиликтүү флораны эмес, башка жактан көчөт алып келүү ишинде коррупциялык схемалар бар экени тууралуу чуулар жазылбады беле.

Ошол эле Илимдер Академиясынын өсүмдүктөрдүн курт-кумурскалар менен оорусу боюнча адис Нина Васильевна Габрид болсо: “Бизди, академиядагы эксперттерди чакырышканы менен угушпайт. Санитардык бутоо иштерин жүргузүп жаткандарга кургап калган бутактарды гана кыюу керектигин айтып келем. Алар болсо баарын тегиз араалап жатышат. Дарактардын айрым түрлөрүн: эменди, кайыңды, ийне жалбырактуу бактарды дагы аралоого болбойт. Мен “жашылдандырууга” көп жолу телефон чалып, бул тууралуу айткам… Шаарда дарактар унаалар жүргөн жерлерде тоскоолдук жараткан учурлар болот, жол жакшы көрүнуш үчүн бутаса болот, бирок түшүнүү менен, абайлап иш кылуу керек… “Жашылдандыруу” дарактарды бутагандарды жумушка алып, иш менен камсыз кылып жатат, ал эми бутап жаткандар болсо акчасын алса эле болду. Дарактарды азыркыдай бутаган туура эмес, алар мындан ооруп калышат. Алар дагы адамдардай эле. Мен мунун баарын билем, Айтып жатам, бирок алар өз билгенин кылып жатышат…”,-деп үшкүрүндү Нина Васильевна.

Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бактын лабораториясынын илимий кызматкери Леонид Михайлович Андрейченко чоң дарактарды кыюу туура эмес деген пикирде – ал биздин шаар чолгө айланып калышы мүмкүн деп кооптонууда.

Баса, дал ошол чөлдө пайда болгон өнүгүп жаткан Израилде ар бир бактын паспорту бар. Ал жакта ал дарактарга тийип эле көр.

Мен болсо тереземдин ары жагынан дайыма кара жыгачтын бутактары сеңселип турушун каалайм.

Бул бутактар кандайдыр бир деңгээлде тоскоол болуп жатканын түшүнөм. Бирок “Мастерлер” тажрыйбалуу болуп, бийлик эксперттерди угуп, эч нерсени уурдабай, былтыр Мадина отургузган мажүрүм талдын, кайыңдын бутактарын сырттагы балакайлар сындырбай ойногону маанилүү…

Баса, урматтуу Диля Жалиловна айткандай карт дарактар кычкылтекти соруп алышпайт экен. Биологиялык илимдердин кандидаты Нина Васильевна Габрид мен мектептен алган билимим туура экенин айтты: ар бир жалбыракта фотосинтез жүрөт, башкача айтканда, көмүр кычкыл газын сиңирип алып, кычкылтекти бөлүп чыгарат.

Кыйбагыла, эркектер, кыйбагыла.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөт: Элеонора Прояева.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.