Жээнбеков Путин менен жолукту

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 21:06
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-россия мамилелеринин өнүгүүсүнүн актуалдуу багыттары менен келечегин талкуулашты.

Россия Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президентин жылуу кабыл алып, бүгүн эки мамлекеттин башчылары 2019-жылы макулдашылган Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылын Москвада салтанаттуу түрдө ача тургандыгын канааттануу менен белгиледи.

Ал Эриш-аркак жылынын алкагында мерчемделген 200дөн ашуун иш-чаралар дээрлик бардык багыттар боюнча өнүгүп келе жаткан эки тараптуу мамилелерге пайда алып келерине ишенимин билдирди.

Владимир Путин товар жүгүртүүнүн көлөмү, инвестициялар боюнча Россия Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин билдирип, өлкөлөр ортосундагы ырааттуу жолугушуулар жогорку деңгээлде экендигин өзгөчө белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу кыйла активдешкенине токтолду.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жана региондор ортосундагы түз байланыштардын жакшырганын канааттануу менен белгиледи. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык маселелери боюнча Владимир Путиндин жеке колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, Кыргызстан кылымдардан бери келаткан тарыхый достук мамилелерди жогору баалай тургандыгын айтты.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Эриш-аркак жылынын алкагында өз ара мамилелердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрүндө бир топ иш-чаралар ишке ашырыла турганын билдирди.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоонун алкагында биргелешкен ири иш-чараларды өткөрүүгө чоң көңүл бурула тургандыгын белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн биргеликте кызматташуусун мындан ары дагы арбытууга жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.