Жээнбеков: Кыргызстан орус тилинин макамын өзгөртпөйт

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 14:13
0 ой-пикир

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигинин суроосуна жооп берип жатып «Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт», — деп билдирди.

Президент ошондой эле учурда өлкөдө «латын арибине өтүү муктаждыгы жок», «латын арибине өтпөгөнүбүз туура чечим болгон» деп билдирди. Президенттин баамында республиканын маданий, илимий ийгиликтери кириллицага таянуу шартында жаралган.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына келди.

Өлкө башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-россия мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат.

Эки мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.