“Өзүң өлсөң дагы, жолдошуңду таштаба”. Карамушкина Атамбаевди бошотуп, ордуна өзүн камап коюууну сунуштады

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 15:45
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди абактан чыгарып, анын ордуна өзүн камак коюууну сунуш кылды.

«Мен өзүмдү сунуш кылам! Мени отургузуп, камап койгула. Ал эми ал болсо тиешелүү дарылоо курсунан өтсүн», — деп саясатчы өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыккан.  

Карамушкина мурунку партиялашы – КР президенти Сооронбай Жээнбековго чакырык таштап жатканын белгилеген.

«Атамбаев менен бирге калып, мыйзамсыздыкка каршы тургандардын барына тең өтө оор беренелерди «илип» койдуңар, адилеттүү адамдарды кылмышкер көрсөтүп, сотко сүйрөп жатасыңар», -дейт Карамушкина.

Эл өкүлү бул кадамы баатырлык эместигин, бул “Өзүң өлсөң дагы, жолдошуңду таштаба” деген насаат экенин айткан.

Эске салсак, 19-февралда Алмазбек Атамбаевдин уулдары атасынын кан басымы кескин төмөндөп, инфаркт болуу коркунучу туулгандыгын билдиришкен. Маалыматты экс-президенттин адвокаты дагы тастыктаган.

Бирок УКМК Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин, ага дарыгерлер тез-тез көзөмөл салып тураарын билдирген.

Көп өтпөй, Алмазбек Атамбаевге акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери жана кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү кирип чыгышкан. Алар дагы экс-президенттин ден соолугу начарлап жатканын ырасташкан.

Бүгүнкү күндө экс-президенттин кан басымы төмөн бойдон калууда. Бул тууралуу анын жактоочулары билдиришүүдө. Күн мурун Ирина Карамушкина дарыгерлердин консилиумун чогултуп, мурунку мамлекет башчынын ден соолугун текшерүүнү талап кылган

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.