Ош жана Баткенде жер титирөө катталды

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 11:08
0 ой-пикир

Баткен жана Ош облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-февралда болжол менен саат 07:43тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 балл, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 11:50дө Ош облусунун аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.