Коронавирус: Кыргызстанда той-аштарды токтотуу сунушталды

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 10:05
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков коронавируска байланыштуу өлкөдө той-аштарды убактылуу токтотууну сунуштады.

Эл өкүлү бул сунушту өкмөт коронавирустан коргонуу чаралары боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу парламентке берген маалыматын талкуулоо учурунда билдирди.

«Учурда эл чогултуп тойлорду өткөрүп, куран окутуп жатабыз. Эгер илдетке кабылган бир эле адам ресторанга келсе, канчасына жайылып кетет. Муну токтотуп турса болбойбу?» — деди Турусбеков.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев буга чейин эле элге тойлорду, куран окутууну токтотуу боюнча сунуштама берилгенин эскертти. Бирок өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болгондуктан толук чектөө киргизилген эмес.

«Болбой эле койсун, эгер бир факт каттала турган болсо башка өлкөлөр сыяктуу бала бакча, мектептер жабылат да чектөө коюлат. Бирок биз ага жеткирбегенге аракет кылып жатабыз. Алдын алып тыюу салып койсок коомчулук кандай кабыл алат?.. Биз тараптан мыйзам чегинде, эл аралык эрежелерге ылайык профессионалдык аракеттерди көрүп жатабыз», — деди Чолпонбаев.

Ошондой эле вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Кыргызстан башка мамлекеттерге караганда коргонуу чараларына эрте киришкенин белгиледи.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстандын чек ара өткөрмө бекеттеринде 22 санитардык пункт ачылган. Кыргызстанга келип жаткан жарандарды обсервациялоо жана ооруканага жаткыруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин күчү менен 964 орун даярдалган.

«Саламаттык сактоо мекемелеринде 445, «Эркечтам» жана «Торугарт» бекеттеринде 100дөн, «Манас» аэропортунда 183, «Ош» аэропортунда 40, Ош шаарындагы госпиталда 70 жана Кара-Суу районундагы ооруканада 30 орун даярдалган. 2020-жылдын 28-январынан бери Кыргызстанга Кытайдан 1083 адам келген. Анын ичинен 415 адам Кытайдын жараны», — деп билдирди ал.

Өмүрбекова кошумчалагандай, КРнын Кытайдагы элчилигинин алдын ала маалыматына таянсак, ушул тапта Кытайда 271 кыргыз жараны бар. Алардын ичинен 77си Кыргызстанга кайтып келүү ниетин билдиришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.