Кашкар Жунушалиев VS “Азия-Ньюс”. Сот гезитти 300 миң сом төлөөгө милдеттендирди

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 12:59
0 ой-пикир

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Чечим 26-фералда кабыл алынган.

Буга чейин, Бишкектин Октябрь райондук соту Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин арызы боюнча гезитти 1 миллион сом айып пулга жыккан. «Азия Ньюс» райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылган.

Соттук териштирүүгө гезитте жарык көргөн айрым маалыматтардын чындыкка дал келбегени жана гезит бетиндеги фотоколлаж себеп болгон.

Жунушалиев аталган гезиттен 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Ал эми гезиттин редакциясы макаланын мазмундук жагынан алганда министрдин иши боюнча гезитке талдоочулардын пикирлери чыкканын айтып, ал эми фотоколлажды «журналистикадагы чыгармачылык» деп баалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.