Талашка түшкөн төрт пансионат. Өзбекстан кыргыз өкмөтүнүн сунушуна каршы

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 14:24
0 ой-пикир

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү Өзбекстан ээлик кылып келген пансионаттарды жеке башкарууга берүү тууралуу сунушуна коңшу өлкө каршы чыкты.

Бишкек менен Ташкенттин ортосунда талашка түшкөн Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат тууралуу кезектеги талкуу Кыргызстандын бул жайларды жеке башкаруу боюнча сунушунан соң жаралды.

Сунушка ылайык, «Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» пансионаттары жеке колго берилгени менен мамлекеттин мүлкү бойдон кала берет. Мындай план пансионаттардын имаратынын эскилиги жеткени жана аны өнүктүрүү зарылдыгы менен түшүндүрүлгөн.

Бул маалымат ачыкка чыккан соң 2016-жылга чейин аталган эс алуу жайларына ээлик кылып келген Өзбекстандын мамлекеттик ишканалары нааразы болуп чыкканы белгилүү болду.

Өзбекстандык Podrobno.uz cайтынын жазышынча, «Рохат НБУ» пансионаты Өзбекстандын тышкы экономикалык ишмердик боюнча Улуттук банкына, «Дилором» «Асака» банкына, «Бустон» Өзбекстан өнөр жай, курулуш банкына жана «Алтын Кум» Ташкент механикалык заводуна таандык болуп келген. Бул ишканалар биргелешкен билдирүү таратып, пансионаттардын жеке колго берилишине каршы экенин жарыялашкан.

«2016-жылдын апрель айында бул пансионаттар Өзбекстандык чарбалык субъекттеринен Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүлгөн» деп айтылган билдирүүдө.

Коңшу өлкө бул мүлктөр боюнча эл аралык сотко арыз жолдонгонун жана ал боюнча акыркы чечим чыга электигин эске салган.

Өзбекстандын мындай каршылыгын Кыргызстандын мамлекеттик органдары негизсиз деп эсептешет. «Бул мүлктөр биздин мамлекетке караштуу. Өзбекстан иштетип жүргөндө деле алардын мамлекеттик деп саналчу эмес, жеке менчик катары каралчу», — деп түшүндүрдү учурда пансионаттарга ээлик кылган мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары Токтогул Туманов.

Туманов учурда аталган пансионаттарды жеке колго берүү боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин жана бул экономика министрлиги менен кеңешип чечилерин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, «Рохат» — «Алтын жай», «Дилором» — «Эне-Сай», «Золотые пески» — «Бостери» деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аты ошол бойдон калган.

5-февралда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов Өкмөт «Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» мамлекеттик пансионаттарын жеке менчик башкарууга берүүнү көздөп жаткандыгын билдирген.

Бул ишти талдап чыгып, алдыда үч пансионатты ишеним башкарууга же жеке-мамлекеттик өнөктөштүккө берүүнү пландап жатышкандыгын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.