Сооронбай Жээнбеков Москвага эмнеге барат? Программа

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 17:48
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбековдун 27-28-февралдагы Россияга иш сапарынын жүрүшүндө Россия Президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатканын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда, Москва шаарында Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт» деп билдирди президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Жалпысынан эриш-аркак жылдын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүлмөкчү.

Эриш-аркак жыл ачылыш аземи Кремлде өтөт.

Мындан сырткары, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.