Сапар Исаковдун саламаттыгына байланыштуу соттук отурум жылдырылды

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 12:28
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.

Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылууда. Шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын кароодо.

Отурумда иштин материалдарын изилдөө уланууда. Бүгүн жыйында мурдагы премьер-министрдин жактоочулары Сапар Исаков өзүн жаман сезип жаткандыгын билдиришти. Анын башы айланып, кусуп жана кан басымы жогорулап кеткен. Жактоочулар отурумду жылдырууну суранышты. Судья жыйында тыныгуу жарыялады. Отурум бүгүн саат 2де уланат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча Сапар Исаковду 15 жылга кескен. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарыл ган.

Эсперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.