Март айында «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу форум өтөт

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 11:36
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары жана үстүбүздөгү жылдын март айында өтө турган «Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» экинчи форумуна даярдыктардын жүрүшү менен таанышты.

Биринчи форум 2019-жылдын февралында өткөн.

Экинчи форумдун ишине жалпы республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, аймактардагы ишкерлер, донор уюмдар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.

Президент «Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» форуму борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы натыйжалуу диалог үчүн чыныгы аянтча болушуна арналганын белгиледи.

Өткөрүлө турган талкуулардын жыйынтыгы менен аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча программалык документтер менен пландар актуалдаштырылышы зарыл экендиги айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.