Коронавирус: Жайкы Олимпиада оюндары өтпөй калышы мүмкүн

Аалам, Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 13:08
0 ой-пикир

Эл аралык олимпиада комитети быйыл Япониядагы Олимпиаданы өткөрүү боюнча боюнча акыркы чечимге 2-3 айдын аралыгында келет. Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, коронавирустун жайылышынан улам дүйнөдөгү эң ири спорттук мелдештин өтпөй калуу коркунучу бар.

Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлү Дик Паунд эгерде турнирди белгиленген убакта өткөрүүгө мүмкүн болбосо, анда болбой калышы мүмкүн экендигин айткан.

“Бул жаңы согуш, аны кабыл алуубузга туура келет. Ошол убакта эл келип баары көзөмөлдөбү, Токиого тынч барып келе алабызбы деп сурай башташат”, – дейт ал.

Олимпиада-2020 оюндары 24-июлдан 9-августка чейин Японияда өтүшү керек болчу.

Белгилей кетсек, коронавирустун очогу болгон Кытайда илдеттен өлгөндөрдүн саны 2 715 кишиге жетти, 29 700 киши айыкты. Дагы 78 миң адам вирусту жугузуп алган.

Жер жүзүндө вирус 80 миңден ашуун кишиге жугуп, 2800дөн ашык адамдын өмүрүн алды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.