Коронавирус: Иранда министрдин орун басары илдетти жуктуруп алганы айтылууда

Аалам, Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 12:01
0 ой-пикир

Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирусту жуктуруп алды. Бул туурасында өлкөнүн саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Али Реза Вахабзаде билдирди, деп жазат РИА Новости.

«Акыркы күндөрү коронавирус менен күрөшүү иш чараларында алдыңкы сапта жүргөн министрдин орун басары Харирчи тапшырган тест анда вирус бар экенин көрсөттү», — дейт  Вахабзаде .

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматты ырастап, коронавирус жуктуруп алган кызматкер карантинде экенин маалымдашкан.

Ошондой эле өлкөдө коронавируска кабылган  43 учур аныкталганы тастыкталганын жана алардын ичинен 8 киши көз жумганын билдирген. Өлкөдө вирус жугузган дагы 15 жаңы учур аныкталганын, алардын жетөөсү Кумда,  төртөө Тегеранда, экөө Гилянда, бир киши Маркази провинциясында жана дагы бир адам Тонекабон шаарында катталганы айтылган.

Ирандын президенти Хасан Рухани коронавирустан улам бир катар мекендештердин көз жумгандыгы катталган шаарлардагы жарандарга өзүнүн тилектештигин билдирип, өлкө бийлиги коронавирус менен күрөшүү жана аны жок кылуу үчүн бардык аракеттерди жасап жатканын баса белгилеген.

Ал иран элине кайрылып: “Биз коомчулуктун саламаттыгын камсыз кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Ошондуктан коронавирустун жайылышын көзөмөлдөө үчүн улуттук штаб түзүлдү”, — деген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.