Маданиятка, маалыматка жана туризмге министрликтин эмне кереги бар?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 25 Фев 2020 17:50
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Президент Сооронбай Жээнбековдун иш жумасы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловду кабыл алуудан башталды. Жаманкуловдун өткөн жылы жасаган иштери жана үстүбүздөгү жылы көздөгөн иштери тууралуу маалыматын карасаң, прорабдын эле жасаган иштери тууралуу отчет десем жаңылышпайм.

Маданият министри 2019-жылдагы башкы жетишкендик катары Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын оңдолгонун белгиледи. Ошондой эле Кыргыз жана Орус драма театрлары оңдолуп баштаганын да кошумчалады. Маданият министрлигинин 2020-жылга карата планы чоң экен. Мисалы, Ош мамлекеттик академиялык музыкалуу өзбек драма театры жана Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры менен М.Жангазиев атындагы куурчак театры оңдолот. Мунун баары президент жарыялаган балдарды колдоо жылынын алкагында жасала турган иштер. Буга байланыштуу министрлик К.Жакыпов атындагы сейил бакты дагы оңдоо иштери болорун айтты.

Театрлардын оңдолуп жатканы жакшы деңизчи. Бирок маданияттын очогу болгон бул мекемелерде кандай чыгармалар коюлуп жатканы, калктын рухий көрөңгөсү кандайча байытылып жаткандыгы маанилүү эмеспи.

Мындан улам Өкмөт Маданият министрлигинин функциясын жакшы түшүнө бербейби деген суроо туулду. Эгерде министрликтин жетекчиси театрларды оңдоо иштери тууралуу гана айта берсе, Билим берүү министри – мектептерди оңдоо, Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканаларды оңдоо тууралуу гана ойлонушуп, бул мекемелердин башкы иши тууралуу, бул тармактарда мамлекеттик саясат кантип ишке ашырылып жатканы тууралуу ким кеп кылат, деги ким ойлонот?

Ошол эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Жобосун карап чыга турган болсок, ал жакта маданият, маалымат жана туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу керектиги жазылган. Эң башкы аткара турчу иши – бул тармакта бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзүү жана өлкөнүн имиджин түзүү.

Дүйнөдө маданиятка байланыштуу концептуалдык 4 түшүнүк бар:  «жардамчы», «архитектор», «меценат» жана «инженер».

Маданиятка «жардамчыга» мисал катары Американы алсак болот. Мамлекеттин ролу ар кандай маданий долбоорлорду каржылоодо маданий тармакка субсидия берүү жана бул тармакка жеке салымын кошууну каалагандарга стимул берүү.

Маданият тармагындагы «архитектор» ролунда Франция жана башка Батыш Европа өлкөлөрүн мисал кылсак болот. Каржылоо министрлик же башка маморган аркылуу жүргүзүлөт. Маданият саясаты социалдык саясаттын бир бөлүгү катары саналат.

Англосакстарда «меценат» түшүнүгү калыптанган. Бул жакта каржыларды жана субсидияларды искусство кеңештери бөлүштүрөт.

Россияда, КМШнын көп өлкөлөрүндө жана Чыгыш Европа мамлекеттеринде маданият тармагында мамлекет “инженер” катары роль ойнойт. Себеби материалдык-техникалык база жана маданий имараттар мамлекеттин менчигинде жана алардын иши тарбия берүүгө, агартууга багытталган. Бул биздин дагы жолубуз десек болот, себеби Кыргызстанда башкаруу системасы Советтер доорунда калыптанган системанын бир аз жаңыланганы. Бирок ошол эле Россияда театрларды оңдоп-түзөө эмес, Өкмөт тарабынан кайсы чыгармаларга субсидия берилери, кайсы режиссерлор кандай долбоорлорго гранттарды алары талкуунун негизги темасы болот. Ал эми бизде болсо дубалдардын жана чатырлардын абалы биринчи орунга чыгып кетүүдө.

Бул министрликтин маалымат тармагындагы саясаты дагы түшүнүксүз. Министрлик кандай маалыматтык саясатты иштеп чыкканы жана анын маңызы эмнеде экенин Маданият министрлигинин аткаминерлери түшүндүрүп бере албаса керек.

Туризм тууралуу кеп кыла турган болсок, Азамат Жаманкуловдун министрлиги жооптуу болгон дагы бир тармак аксап келет. Баардык президенттердин маалында туризм келечектүү тармак катары бааланып келген. Чындыгында эле бул тармакты өнүктүрүп, Кыргызстандын бюджетин толтурууга бизде баардыгы бар. Бирок эмнегедир биздин туристтик көрсөткүчтөрүбүз Чад Республикасынын деңгээлиндегидей боюнча калууда. Башкача айтканда, ИДПнын 5 пайызга жакынын гана түзөт. Өсүү динамикасы дагы мактоого татыктуу эмес. 2006-жылы 3,5 пайызды түзсө, 2019-жылдын аягына 5 пайызга жакын.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин абалы мына ушундай.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөт: ecostan.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.