Билим берүү министрлиги кызматкерлеринин кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерүүдө

Окуялар тизмеги 25 Фев 2020 11:59
0 ой-пикир

Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын, Чүй районунун билим берүү борборлорунун, орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилери мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мыйзамга ылайык, ар бир кызматкер мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү экенин белгилеп, билим берүү тутумундагы кызматкерлердин каалоочуларына тесттен өтүү сунушун берген.

Жалпы 73 кызматкер тесттен өтүү каалоосун билдирип, анын биринчи күнүнө 40 адам катышты. Министрлик билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин тилди билүү деңгээлине көзөмөл жүргүзүү менен мониторинг жасап турмакчы.

Эми тестирлөөгө аймактык билим берүү мекемелеринин, кесиптик лицейлердин, колледждердин жана университеттердин ректорлору катышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.