14 миң доллар алып, изин сууткан адвокат колго түштү

Окуялар тизмеги 25 Фев 2020 17:17
0 ой-пикир

Чүй облусунун Сокулук районунда 60 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал өзүн жактоочу деп тааныштырып, кылмыш ишин жабууну убадалап, 14 миң доллар каражат алган, деп билдиришет Чүй облустук милициясынан.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 10-декабрында Сокулук РИИБине 65 жаштагы А.У. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда 2014-жылы өзүн жактоочу катары тааныштырган жаран арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш ишин жаап берүүнү убадалап, 14 миң доллар каражат алгандыгы айтылган. Акча колго тийгенден кийин ал качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 60 жаштагы Д.С. экени аныкталды. Ошондой эле Юстиция министрлигинин 2009-жылдын 12-февралындагы буйругуна ылайык, шектүү жактоочулук иш менен алектенүүгө уруксат берилген лицензиясынан ажыраганы маалым болду. 22-февралда Д.С. кармалып, №1 Тергөө абагына киргизилди.

Милициядан сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуну өтүнүшөт:

Чүй ОИИББи — 0312 43-01-27, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү — 0312 60-75-67, 03134 5-33-80.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.