«Элгезиттин» талкуусунда: Дүйнөлүк тарых жана кыргыз саясатчылары. Тарыхтан алынбаган сабактар

Аналитика, Видео, Окуялар тизмеги, Тегерек стол 24 Фев 2020 22:54
0 ой-пикир

Elgezit.kg маалыматтык-аналитикалык порталы “Дүйнөлүк тарых жана кыргыз саясатчылары. Тарыхтан алынбаган сабактар” аталышындагы тегерек стол өткөрдү. Ага эксперттер, саясатчылар, окумуштуулар, саясат таануучулар, жарандык коомдун жана ММКнын өкүлдөрү катышты.

Алардын арасынан төмөнкүлөр сөз сүйлөштү: .

  • Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, профессор;
  • Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, «Ата Мекен» партиясынын лидери;
  • Темир Сариев, КРнын экс-премьер-министри;
  • Элмира Ногойбаева, «Полис Азия» аналитикалык борборунун директору;
  • Эмиль Жураев, саясат таануучу, саясий илимдердин доктору;
  • Нарын Айып, белгилүү журналист;
  • Мурат Сүйүнбаев, КРСУ профессору, Россиядагы табигый илимдер академиясынын академиги;
  • Советбек Абдрасулов, философия илимдеринин кандидаты, КМЮАнын философия жана социалдык-гуманитардык илимдеринин кафедра башчысы;
  • Шайыр Жураев, саясат таануучу ж.б..

Талкуунун катышуучулары маанилүү маселелерди көтөрүштү: саясат жүргүзүүдө тарых саясатчыларга кандай таасир этери, алар дүйнөлүк тарыхтагы тажрыйбаларды эске алабы, алар кандайдыр бир иштерди жасоодо тандоону кантип жасары тууралуу. Белгилүү болгондой, дүйнөлүк практикада тарыхый тажрыйбанын, белгилүү тарыхый инсандардын ролу өлкөнүн жада калса, дүйнөнүн тагдырында алда канча маанилүү.

Тегерек столдун алкагында чыныгы талкуу болду – окумуштуулар саясатчылар, эксперттер менен талашып-тартышып, жарандык коомдун өкүлдөрү менен пикир алмашып, саясат таануучулар болсо учурдагы саясатта тарыхтан кандай сабак алсак болорун мисал келтиришти. Тегерек столдун катышуучулары саясий абалга дүйнөлүк жана улуттук тарыхты мисал келтирүү менен баа беришти. Тарых илимдеринин доктору, “Тарых сабактары” (Elgezit.kg)  рубрикасынын автору  Зайнидин Курмановдун доклады өзгөчө таасир калтырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.