Таласта 13 жаштагы баланын асынып алганы боюнча иликтөө иштери башталды

Окуялар тизмеги 24 Фев 2020 17:32
0 ой-пикир

Таластын Орто-Арык айылында 13 жаштагы бала каза болгондугу тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 19-февралда күндүз болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, бала үйдө ойноп жатып, кокустан асынып алган.

«Үйдө чоңдор дагы бар болчу. Бирок, алар учурунда байкабагандыктан, бала каза болуп калган», — деп айтылат маалыматта.

Көз жумган бала 7-класстын окуучусу болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.