Шайлоонун шайтан оюндары: жапырт каттоо боюнча Чүйдө үч кылмыш иши козголду

Окуялар тизмеги 24 Фев 2020 14:23
0 ой-пикир

Чүй облусунун үч аймагында шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери Токмок шаарында 6745 адам каттоого турду.

Текшерүүнүн натыйжасында алардын айрымдары үй ээсинин макулдугусуз, тиешелүү документтери жок эле туруктуу катталганы, кээ бир даректер боюнча 150дөн ашык адам каттоого алынганы аныкталды.

Жергиликтүү каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ушул эле берене менен эки миңдей адамды Токмок шаарына каттаган Кемин жана Аламүдүн райондорунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүлө баштады.

Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында добуштарды сатып алуу аракети болгонун, жапырт каттоого тургузууга байланыштуу иш боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Быйыл 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 25 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерининин депутаттары шайланат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлгөнүн билдирди. Ага 340 479 шайлоочу катыша алат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.