Дааратканада камалган карылар боюнча Социалдык министрлиги атайын комиссия түздү

Окуялар тизмеги 24 Фев 2020 13:27
0 ой-пикир

Буга чейин айрым ЖМКларда Бишкектеги карылар жана майыптар үчүн шаардык социалдык стационардык мекемесинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерди муздак дааратканага камап жатканы туурасында маалымат тараган.

Аталган факты боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди.

Анын айтымында, министр буйрукка кол койгондон тарта текшерүүлөр башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган мекемеде тартипти бузган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дааратканада бекитип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.