Баткендеги жолугушууда Тажикстан менен жер алмашуу маселеси каралган жок,- Өкмөттүн өкүлү

Окуялар тизмеги 24 Фев 2020 17:21
0 ой-пикир

Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим жетектеген өкмөт аралык комиссиянын жыйыны Баткен шаарында өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы бул жыйындын жыйынтыгы тууралуу «кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги сызыкты мындан ары чийүүнү күчөтүү зарылдыгы, делимитациялоого чейин Баткен району менен Исфара шаарынын ортосундагы сызыктагы туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесинде өз ара толук түшүнүшүү» бар экенин билдирди.

Ошондой эле өкмөттүк делегациялардын отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлгандыгы айтылды.

Ал эми коомчулуктун бүйүрүн кызыткан эки өлкөнүн ортосундагы жер алмашуу маселеси каралбагандыгын өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыкка» билдирди.

«Өкмөт аралык комиссиянын биздеги жетекчилиги жаңы болду, билесиздер. Алмашуу маселеси өтө татаал. Бир күндө чечилбейт. Дагы карап көрүп, эл менен макулдашкандан кийин айтабыз. Бул жолугушууда алмашуу деген маселе көтөрүлгөн жок», — деди ал.

Буга чейин алмашылчу жердин бирөө Баткендин Көк-Таш айылындагы Арык-Асты тилкеси менен тажикстандыктар жашаган Майский айылы, ал эми экинчиси Кыргызстандын Самаркандек айылы менен Тажикстандын Чоркух айылы чектешкен аймактагы жерлер экени айтылган.

Тажик тарап Баткендеги жыйын тууралуу расмий маалымат бере элек.

«Азия-Плюс» басылмасы тажик делегациясына жакын булакка таянып, ортодогу талаш тилкеде 23 гектар жерди алмашуу каралып жатканын кабарлады. Бөрүбаев «Азаттыкка» берген маегинде кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы так экенин билдирген. Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 970 чакырымды түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.