94 жаштагы Малайзиянын премьер-министри отставкага кетти

Аалам, Окуялар тизмеги 24 Фев 2020 16:03
0 ой-пикир

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад отставкага кетүү тууралуу арыз берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Буга чейин Махатхир жетектеген партия “Үмүт альянсы” башкаруучу коалициясынын курамынан чыгарылган болчу.

Бул саясий курам 2017-жылы түзүлүп, 4 оппозиция партияларын бириктирген. Ошондо эгерде алар 2018-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыкса, Махатхир 2 жыл эле премьер-минстр болуп, андан соң бийликти курамдагы ири партиянын лидери Анвар Ибрагимге өткөрүп бермек. Мындай келишим ошол убакта 71 жаштагы Анвардын түрмөдө болушу менен түшүндүрүлгөн. “Үмүт альянсынын” шайлоодогу жеңишинен соң Жогорку сот Анварга ырайым кылып, бийликке келүүсүнө уруксат берген. Бирок, Махатхир 2020-жылдын ноябрынан соң гана бийликти өткөрүп берерин айткан болчу.

94 жаштагы Махатхир Мухаммад Малайзиянын премьер-министри болуп 2018-жылы май айында шайланган.

9-майда өткөн парламенттик шайлоодо ардагер саясатчы жетектеген оппозициялык блок парламенттеги 222 орундун 113 мандатын алган эле. Ал эми азыр бийликте турган башкаруучу партияга болгону 79 орун тийген.

Буга чейин Махатхир Мухаммад Малайзияда 22 жыл бою (1981-2003-жылдары) премьер-министр болгон. Ал бийликтен кеткенден кийин саясий багытын өзгөртүп оппозицияга кошулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.