Бүгүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев 70 жашка толду.
Шайлообек Дүйшеев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында 1950-жылы 23-февралда жарык дүйнөгө келген. Үч жашында атасынан айрылып, чоң энесинин колунда тарбияланган. 13 жашка чыкканда чоң энеси көз жуумп, эже-жездесиникинде чоңойгон. Алты чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке жөө барып келип орто билим алган.
Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
1980-жылдан тарта «Нарын правдасы» гезитинде кабарчы, облустук телерадиокомитетинде редактор, Фрунзедеги филармонияда адабий бөлүмдү жетектеген. Өлкө эгемендүүлүк алган соң «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты», «Асаба», «Агым» басылмаларында эмгектенген.
Чыгармачылыгын 38 жашында баштап, 1988-жылы «Кайдыгерлик» деген ыры менен ачылган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Шайлообек ондогон публицистикалык, лирикалык ырларды, поэмаларды, «Манас» өңдүү дастандарды жаратты.
Учурда кара сөз менен жазылган көлөмдүү «Агындылар» чыгармасы окурмандардын колунан түшпөй окулуп жатат.
Кыргыз эл акыны II жана III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын алган.
70 жашка чыккан акын байбичеси Зейне экөө үч кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Азыр алар ондон ашык неберенин кучагында дөөлөттүү көз ирмемдерди өткөрүүдө.



Өмүрү узун болсун
Кыргыздын элдик акыны, чыгармасы карапайым элге жакын, чыныгы турмушту коргозгон чыгармаларды жазып, элдин калын катмарына синген. Анын чыгармасы боюнча эл арасында аныз айтылып. цитаталар келтрилет. Себеби биз алардан озубузду коруудобуз.