Момбеков Атамбаевдин саламаттыгы туурасында айтып берди. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 22 Фев 2020 11:05
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары 21-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаевге жолугуп чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 21-февралда Атамбаев менен жолугуп чыккандан кийин тарапташтарына билдирди:

«Ал «күнөөсү жок суракта жүргөн, камакта отурган балдарымды ойлоно берип түнкүсүн түшүп кетип жатат, мындай болчу эмес, бирок аягына чейин чыдайм» деп айтты. Турганда ордунан жыгылып кете жаздаганын баарыбыз эле көрдүк да» деди Момбеков.

Жолугушууга барган депутаттардын катарында Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков жана Мухтарбек Айнакулов бар. Алар кирип чыкканга чейин мурдагы президенттин 50дөй тарапкери УКМКнын имаратынын жанында топтолуп турду.

Чогулган адамдар менен депутат Рыскелди Момбеков жолугуп, Атамбаев «түрмөнүн ичинде өлүп калбайын» аракет кылып жатканын айтканын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.