Шайлоо-2020. «Бутага ата алчу» партиялар тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 22 Фев 2020 22:04
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Акыркы убакта серепчилер алдыда боло турган шайлоонун фавориттери «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары тууралуу көп талкуулай башташты. Бул партиялар шайлоо кампаниясын башташа элек, бирок жогоруда аталган партияларда финансылык ресурстар жана бийликтин колдоосу бар экени тууралуу көп айтылып келет. Баарынан кабардар болуп турган коомдун минтип болжолдоого негиздери бар окшобойбу.

Бирок күтүүсүздөн эле шайлоо алдында абал өзгөрдү. Шайлоо күтүлгөндөй болбой, атаандашуу курч болушу толук мүмкүн .

Жаңы эрежелер

Президент Сооронбай Жээнбеков, 29-февралда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып шайлоо босогосу тууралуу да айтып өттү. Ал 9 пайыздык босогодон баш тартып, 7 пайызга кайтып келүү керек дегендей ишара кылды.

Шайлоо босогосун төмөндөтүү “ресурстары орточо” болгон партиялардын Жогорку Кеңешке келүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Жакында, 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоого байланыштуу массалык түрдө каттоосун өзгөрткөндөр тууралуу маалыматтар дагы мындай партияларга жакшы шарт түздү. Дегеним, мындай фактылар ачыкка чыккандан кийин ыплас технологияны ойлоп тапкандар аны кенен-кесир колдоно алышпайт. Демек, шайлоо кампаниясы башталганы катышуучулардын мүмкүнчүлүктөрү бир аз болсо дагы теңелип калды.

Парламенттик партиялар

2015-жылы шайлоого катышкан 14 партиянын ичинен 6 партия: КСДП, «Республика – Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» парламентке келишти.

КСДПда парламенттин кийинки чакырылышына өтүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Партия экиге бөлүнүп, жок болду десек болот. Партия мүчөлөрү дагы башка партияларга өтүп жаткан кербези. «Республика» дагы ат салышуудан баш тартат өңдүү. Партия алардын лидери бул иштерден толугу менен четтеп, каржылоону токтоткондуктан партияда каражат жагынан көйгөй бар экенин билдирди.

«Өнүгүү-Прогресс» дагы өз алдынча партия катары шайлоого катышпайт. Ал «Мекеним Кыргызстанга» же «Биримдикке» кошулат окшобойбу. 

«Кыргызстан» шайлоого катышат жана аларда Жогорку Кеңешке өтүү үчүн баары бар. Пиар-компаниясында катачылыктарды кылбаса, жакшы жыйынтыкка жетишиши толук мүмкүн.

Камчыбек Ташиев, балким, «Ата Журтту» «Республикасыз» Жогорку Кеңешке алып келгенге аракет кылат. Ал ММКларга партиянын 2010-жылдагы ийгилигин кайталоого даяр экенин билдирген. Бирок бүгүнкүдөй абалда андай ийгиликке жетүү оор. 2010-жылы партияга убактылуу өкмөттүн иши менен макул эместер добуш беришкен. Азыр шайлоочуларга башка жаңы нерсе бериш үчүн Ташиев болушунча аракет кылышы керек.

“Бир Бол” партиясы дагы катарын жаңылап, депутаттык мандаттар үчүн ат салышат. Бул партиянын лидери Алтынбек Сулайманов тизмеге кимдерди кошорунан партиянын тагдыры көз каранды болот. Бул бардык партиялар үчүн маанилүү.

«Ата Мекен» партиясынын дагы мүмкүнчүлүгү жаман эмес. Эл аралык республикалык институт ноябрь айынын акырында, декабрь айынын башында жүргүзгөн социологиялык сурамжылоодо «Ата Мекен» КСДП жана «Республика» менен бирге үч лидердин катарына кирген. Бул эки партия шайлоого катышпай турганын эске алсак, алардын шайлоочуларынын бир бөлүгү «Ата Мекенге» добуш беришет. Социология ушундай деген жыйынтык чыгарган. Бул «Ата Мекендин» жана Өмүрбек Текебаевдин таанымал экени менен дагы байланыштуу. Балким бул партия дагы бир жолу парламентке келеттир.

Бирок шайлоо болгуча абал дагы бир топ өзгөрөт. Шайлоонун чыныгы шарапатына чейин дагы убакыт бар.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.