Коронавирус: Diamond Princess лайнериндеги кыргыз жараны Японияда дарыланууда

Окуялар тизмеги 22 Фев 2020 12:24
0 ой-пикир

Diamond Princess круизиндеги кыргызстандык жаран Япониянын улуттук госпиталында карантинде жатат. Бул туурасында бүгүн, 21-февралда өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Япониядагы элчилиги круиздик лайнердин экипаж мүчөсү болгон кыргыз жараны менен 6-февралдан бери үзгүлтүксүз байланышта болуп келет.

«Элчиликтин маалыматына караганда, ал өзүн жакшы сезип жатат. Моралдык-психологиялык абалы да жакшы. Оорунун белгилери байкалган жок», — деп билдирди ал.

Министрдин орун басарынын божомолунда, карантин аяктагандан кийин кыргыз жараны мекенине кайтышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, Diamond Princess круиздик лайнеринин айрым жүргүнчүлөрүнөн коронавирустун белгилери табылганына байланыштуу, кеме 5-январда Япониянын Йокогама портуна токтотулган. Инфекция Гонконгдун 25-январь күнү кемеден түшүп калган 80 жаштагы жашоочусунан тараганы белгилүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.