Аскар Акаев элге кайрылды

Окуялар тизмеги 22 Фев 2020 20:08
0 ой-пикир

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев жалпы кыргыз элине кайрылып, ыраазычылыгын билдирди.

“Касиеттүү калайык калк! Ардактуу мекендештерим!

Биздин үй-бүлөбүздүн башына капилет кырсык болуп, оор иш түшүп, тун уулубуз Айдардан ажырап, жүрөгүбүз сыздап турганда биздин кайгыбызды тең бөлүшүп, жылуу сөзүн айтып, кайрат берген баардык мекендештериме, санаалаштарыма, чет жакта жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө ыраазычылыгымды билдирем.

Мекенибизде бейкутчулук, элибизде ынтымак жана ар бир үй-бүлөдө жакшылык болсун!

Урматтоо менен, Аскар Акаев”, – деп билдирген.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин тун уулу Айдар Акаев 5-февраль күнү Москва шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Маалыматка ылайык, Айдар Акаев менен коштошуу зыяратына 200дөн ашуун адам чогулган. Алардын арасында Акаевдердин жакындары, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү болгон.

Кыргызстандан тажияга Аскар Акаев бийликте турган мезгилде ар кыл мамлекеттик кызматтарды ээлеген Осмонакун Ибраимов, Кубанычбек Жумалиев, Апас Жумагулов ж.б. бир топ адамдар барган.

43 жаштагы Айдар Акаевдин сөөгү 8-февралда Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди. Акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөнү кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.