Коронавирус: дүйнө жүзү боюнча 75 миң 204 адам илдетке чалдыкты

Окуялар тизмеги 21 Фев 2020 14:34
0 ой-пикир

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 75 миң 204 адам жуктурду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту Кытайда 74 миң 280 адам жуктуруп алган.

«Дүйнөнүн 24 өлкөсүндө аталган илдетти жуктурган 924 учур катталды. Ооругандардын көбү Кытайдын Ухань шаарында болгон. Ал оорунун белгилери адаттагы суук тийүү жана сасык тумоого окшош: чарчоо, дем алуунун оорлошуп, дене табынын жогорулашы, жөтөлүү жана тамактын оорушу», — дейт министр.

Ал белгилегендей, коронавирустун 40 түрү белгилүү, анын 7 түрү гана адамга жугат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.