«Diamond Princess» лайнериндеги кыргыз жараны 14 күндүк карантинде, – ТИМ

Окуялар тизмеги 21 Фев 2020 17:26
0 ой-пикир

Япониядагы «Diamond Princess» лайнериндеги кыргыз жарандын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстандын Япониядагы элчилиги лайнердеги кыргыз жараны менен байланышты үзбөй келүүдө.

«Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин маалыматына караганда, кыргыз жараны өзүн жакшы сезүүдө. Психологиялык абалы да канааттандырарлык. Жакында биздин жарандын жанындагы адамда коронавирус байкалгандыктан биздин жаран да ооруканага жеткирилген. Бирок, кыргыз жарандын анализдеринде илдеттин белгилери байкалган эмес. Азыркы күндө ал 14 күндүк карантинде болууда», — дейт министрдин орун басары.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.